SOS! Суусамырда 9 малчынын үч күндөн бери дайыны чыкпай жатат
Суусамырдан чыккан 9 малчы 3 күндөн бери дайыны чыкпай жатат. Мындай билдирүүнү жарандык активист Жакышылык Матан өзүнүн facebook баракчасы аркылуу жарыялап, коомчулукка коңгуроо какты.
Ал дайыны чыкпай жаткан малчылардын аты жөнүн, туулган жылына чейин жазып, арасында туугандары бар экенин билдирет.
Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипов ошол эле постко комментарий калтырып, бул боюнча бүгүн маалымат түшкөнүн, авариялык унаа менен куткаруучулар жөнөп кеткенин жазды.
Жакшылык Матан Өкмөт бул көрүнүшкө кайдыгер карап жатат деп эсептеп, Өкмөттү кескин айыптаган экинчи билдирүүсүн жазды.
“Мамлекеттик чоң кызматта иштеген 1 чиновник жоголсо вертолёт чыгарышат, 10 малчы жоголсо “Нива” унаасы менен 4 киши издейт! Уят Өкмөт!”, - деген кескин айыптаган пост да жазды активист.
Ссылка: https://barometr.kg/sos-suusamyrda-9-malchynyn-ch-kndn-beri-dajyny-chykpaj-zhatat
Добавить комментарий ×