Сооронбай Жээнбеков: туу астында биирге чогуу болуубуз абзел
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
«Урматтуу мекендештерим!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм!
Мамлекеттик туубуз — эгемен мамлекетибиздин атрибуттарынын бири, ар бирибиздин мекенге болгон атуулдук сезимибизди чагылдырып турган символ.
Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган.
Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел.
Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!
Сиздерге ден соолук, бакты-тааалай, ийгиликтерди каалайм.
Жараткан Кудай сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»
Кыргызстандын желеги 1992-жылы 3- мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.
Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-tuu-astynda-biirge-choguu-boluubuz-abzel
Добавить комментарий ×