Сооронбай Жээнбеков Москвага учуп кетти. Мамлекет башчысын коштогондордун тизмеси
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, эки күндүк иш сапары менен Россиянын Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жээнбеков иш сапарынын биринчи күнүндө Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, анда кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги талкууланат.
Ушул эле күнү эки Мамлекеттин башчылары Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.
Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.
Өлкө башчысын коштоп кеткендер:
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Марат Аманкулов, Тынчтык Шайназаров, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков, Гүлнара-Клара Самат, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар.
Добавить комментарий ×