Жээнбековдун жарлыгы менен медкызматкерлер орден, медаль менен сыйланат

3 июля 2020 17:29 750 Barometr
Поделиться в:
ok

Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бир катар медициналык кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө арлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ага ылайык,  коронавируска каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн, ошондой эле КРнын медициналык кызматкеринин күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Аалиев Гулжигит Кенжекараевич — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачы;

Марипов Асамидин — Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору;

«Даңк» медалы менен:

Джумаканова Айгуль Бейшебаевна — КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун начальниги;

Кабылова Бегим Доолотовна — Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Мадраимова Гулийпа Гапыровна — Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наамы менен:

Бектенова Тамара Тойчуевнага — Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитологиялык лабораториясынын башчысына;

Голощапова Галина Николаевнага   — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын УЗИ врачына;

Жаркынбаева Бурулбүбү Айтмамбетовнага — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын № 9 бөлүмүнүн башчысына;

Жоробаев Үсенкул Салиевичке — Жалал-Абад облусу боюнча координациялоо функциясы менен Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын орун басарына;

Касмалиева Калбүбү Кемеловнага   — Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Калмамбетова Гульмира Исмаиловнага — КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун республикалык референс лабораториясынын башчысына;

Кыргызбаева Атыркүлгө — Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басарына;

Мамбетов Малик Кусеиновичке — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;

Масымбаева Элмира Бакасовнага — КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиолог-врачына;

Мурсалиев Асадилло Юлдашевичке — Жалал-Абад облусунун С. Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Насиров Абдымомунга — КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун транспорттогу «Ош» эл аралык аэропортундагы санитардык-карантиндик пунктунун башчысына;

Рыскулбекова Айнагуль Байсаловнага — Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысына;

Рыспекова Гульнара Асанаевнага — Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;

Сагындыкова Чолпон Аксаккоевнага — Талас облусу боюнча координациялоо функциясы менен Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;

Сыдыкова Фариса Аскеровнага — Бишкек шаарынын № 14 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк врачына;

Тойтонов Исламбекке — Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын № 2 жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Турдуматова Акшоола Болотбековнага — Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Абдураимова Жанна Сулаймановна — Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директорунун медайымдар иши боюнча орун басары;

Акматова Айнура Бектургановна — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги;

Ашыралиева Дамира Омурзаковна — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкери, вирусологу;

Бакирова Зарина Убайдуллаевна — Ош облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы;

Бектурганов Улукбек Бектурсунович — Чүй облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ысык-Ата райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы;

Галбаев Нурлан Басытович — КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси;

Жороев Акжол Осмоналиевич Баткен облусунун Лейлек райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;

Исабекова Назира Сагынбаевна — Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Исманалиева Диларахан Айдаровна — Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Ишенапысова Гулбара Сатыгуловна — Республикалык иммунологиялык профилактикалоо борборунун директору;

Калдыбаева Айнек Сетенбаевна — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачынын медайымдар иши боюнча орун басары;

Кучук Татьяна Энверовна — КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык жугуштуу ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоо илимий-практикалык борборунун жетекчиси;

Мамажанов Дилшод Бахтиярович — Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын инфекциялык контролдоо адиси;

Ражапбаева Атиргүл Шүкүрүллаевна — КРнынСаламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун Оштогу чумага каршы бөлүмүнүн бактериологиялык лабораториясынын башчысы;

Сооронбаева Эркингүл Жусуповна — Нарын облусунун Ат-Башы райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологунун жардамчысы;

Тойлубаева Рахат Мискинбаевна — Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;

Чоробаева Нургүл Тургунбаевна — Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук Жалпы врачтык практикалоо борборунун медайымы;

Шерматова Мастура Умирзаковна — Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн улук медайымы;

Эсенгельдиева Гульбарчын Муратовна — Бишкек шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-medicinalyk-kyzmatkerlerge-syjlyk-ber-zhnnd-zharlykka-kol-kojdu



Добавить комментарий