Сооронбай Жээнбеков: өлкөдөгү өзгөчө кырдаал сакталат жана узартылат
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Ал куттуктоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары бизден алыстаган сайын, Улуу Жеңиштин мааниси, баасы, баркы мурдагыдан да даана көрүнүп жатканына токтолду.
“9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн. Ушул күнгө жетүү үчүн кандуу согушта 27 миллионго жакын советтик адамдардын өмүрү кыйылган. Жалпы СССР элдери менен бирге, Мекенди коргоого кыргызстандыктар да түп көтөрүлө катышты. Согуш апааты Кыргызстандагы бир дагы үй-бүлөнү жандап өткөн эмес. Ар бир төртүнчү эр-азамат согушка аттанган. Жеңиш үчүн биздин республикабыз да оор жоготууларга туш болуп, 90 миңден ашык жердешибиз кан майданда баатырларча каза болгон”, — деди ал.
Жээнбеков андан сырткары азыркы учурда, бир тарапта — коронавирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында — экономикага тескери таасир этчү коркунучтар турганын айтты.
Дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч-аракеттер жумшалып жатканын билдирди. Аны менен катары илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу, жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилгенин белгиледи.
“Эми экономикабызды жандандыруу үчүн, ишкерликтин айрым багыттарына уруксат берилди. Алар өз жумушун кайрадан баштады. Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнестин ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз. Бирок, адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан, жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат”, — деди президент.
Мамлекет башчысы өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бир жаранды катуу тартипти сактап, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем карманууга чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-lkdg-zgch-kyrdaal-saktalat-zhana-uzartylat
Добавить комментарий ×