Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон карызды жеңилдетүү жана узартуу сунушун киргизди
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Өлкө башчы коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болуп өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жол боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолду.
Мамлекет башчысы КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, гуманитардык жардам көрсөткөнү, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн Кытай Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков электрондук соода жана маалыматтык технологиялар сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташуунун жаңы моделдерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Бул өз кезегинде өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөт.
Тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өз ара тилектештикти жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Добавить комментарий ×