Сооронбай Жээнбеков: “Кудайды эстегендей антыңарды эстеп жүргүлө”

4 октября 2018 10:55 768 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышты. Президент жаңыдан ант берген өкмөт мүчөлөрүнө антты кудайды эстеп жүргөндөй эстөө керектигин баса белгиледи.

“Жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алдык. Ушул жыйында отургандардын баарыбыз тең элдин өзгөчө көзөмөлүндө турган адамдарбыз. Ар бирибиздин кадамыбыз жасаган ишибиз элдин элегинен өтөт. Мына айрыкча акыркы мезгилде коомчулукта аткаруу бийлигиндеги иштеп жаткан кээ бир адамдар боюнча алардын жүрүм-туруму, кылган иштери боюнча аябай көп сыноолор айтылып талкуулар жүрүп жатат.  Мына ушундай нерселер болбошу керек. Андыктан берген антты терең түшүнүп  жоокерчилигин бул-ант ыйык деп антты катуу кармагыла. Антты кармабаган,  аны катуу тутпаган Кыргызстандын тарыхында адамдардын тагдыры кандай болгонун жана эмне болуп жатканын  жакшы билесиңер. Ошондуктан эзелтен бери кыргыз элибиз антты ыйык кармап анын маңызын, жоопкерчилигин терең түшүнүп келген. Андыктан анттын жоопкерчилигин сезели. Кудайды эстегендей антыңарды эстеп жүргүлө” деди президент.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-kudajdy-estegendej-antyardy-estep-zhrgl



Добавить комментарий