Жээнбеков күндүзгү стационарга барып, дарыгерлерге жолукту (Видео)
Сооронбай Жээнбеков күндүзгү стационарга барып, андагы дарыгерлер менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Президент кечээ, 8-июлда, Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү максатында жарандарды кабыл алууга ачылган күндүзгү стационарга барды.
Бүгүнкү күндө борбор калаада мындай төрт стационар иштеп жатат, дагы бешөө ачылууда.
Бул алардын бирөөсү, мында жарандар алгачкы медициналык жардам жана консультация алуу үчүн кайрыла алышат.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Мунаркан Өмүралиева жарандарды кабыл алуунун, алгачкы жардам көрсөтүүнүн бардык шартын айтып беди. Бейтаптардын ыңгайы үчүн стационардын аймагында аптека дагы иштеп жатканын билдирди. Ал күндүзгү стационарлар жаңы түзүлгөндө болгон кемчиликтердин баары иликтенип чыкканын белгилеп, илдетти жеңип чыгаарыбызга ишенимин билдирди.
Мунаркан Өмүралиева стационарларда врачтар бардык зарыл нерселер, анын ичинде жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалганын маалымдады.
«Стационарлар, албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы кырдаал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилүүдө. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөр болгондой комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана куруу үчүн каражат бөлүүгө кызыкдар инвесторлор бар. Мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда курулат», — деп баса белгиледи Жээнбеков.
Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо системасындагы көйгөйлөр баарына эле белгилүү экенин, саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө маселе Коопсуздук кеңешинин кароосуна даярдалып жатканын белгиледи. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ал маселе кийинчерээк каралат. Ошону менен бирге президент кандай гана кырдаал болбосун саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүү процесси токтоп калбастыгын жана жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.
Мамлекет башчы баарлашууда дарыгерлерге өз жанын аябай, жасап жаткан эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-kechee-kndzg-stacionarga-bardy
Добавить комментарий ×