Жээнбеков 3-сентябрда Чүй облусунун санариптештирүү иштери менен жеринен таанышат

3 сентября 2020 09:55 1414 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 3-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкө башчынын иш сапарынын алкагында Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын ишмердиги жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-3-sentyabrda-chj-oblusunun-sanaripteshtir-ishteri-menen-zherinen-taanyshat



Добавить комментарий