Соль-Илецктен келген аял менен баласынан коронавирус табылып, ооруканага жаткырылды

14 мая 2020 18:16 1240 Barometr
Поделиться в:
ok

11-майда “Семетей” обсервациясынан тез жардам унаасы менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына кичинекей бала курч энтероколит, орточо оор даражада  диагноз менен жеткирилген. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Бала шашылыш көрсөтмө боюнча энеси менен өзүнчө бокско жаткырылып, өзүнчө кирип, чыгуусу каралган (баланын атасынан оң жыйынтыкты эске алып).

Биринчи алынган ПЧР-анализдери экөөнүкү тең терс жыйынтык көрсөткөн.  ШБКОдо ПЧР-диагнозуна кайталанып алынган анализдери оң жыйынтык көрсөттү. 13-майда экөө тең Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына которулган.  

Бардык коопсуздук чаралары сакталган, бейтапка жардам көрсөткөн медициналык персоналдар (дарыгер, 2 медайым), жеке коргонуу каражаттары менен иштеген. ОААжМСЭКБ жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/sol-ileckten-kelgen-ayal-menen-balasynan-koronavirus-tabylyp-oorukanaga-zhatkyryldy



Добавить комментарий