Сокулукта жаш жигит менен кыздын даракка асылган сөөгү табылды

31 мая 2019 10:59 14256 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук районунда эки адамдын сөөгү табылды. Бул туурасында Чүй областтык  ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматтарга караганда 25-майда Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундар эки адамдын жансыз денеси табылганын кабарлашкан. Айылдардын биринин четинде эки жаш адамдын денеси бакка асылып турган жерден табылды. 

Көз жумган Сокулук районунун 19 жаштагы тургуну М.Ш жана Нарын областынын Кочкор районунун 16 жаштагы тургуну Д.А., экени аныкталды. 

Милиция кайгылуу окуянын жагдайларын аныктоодо. Керектүү экспертиза дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-zhash-zhigit-menen-kyzdyn-darakka-asylgan-sg-tabyldy



Добавить комментарий