Сокулукта уурулука шектелип 26 жаштагы жаран кармалды, ал ноутбуктарга аңчылык кылган

2 марта 2019 16:03 1699 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Сокулук райондук ИИМ башкамалыгы 2 жолу уурулук кылган делип шектелген жаранды кармашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук ИИМне 44 жаштагы П.Р. аттуу жаран 2019-жылдын 31-январында саат болжолдуу түрдө 10:00 дөн баштап 15:00гө чейинки аралыкта үйүнө уурулар терезеден кирип баалуу "IMAC" үлгүсүндөгү компьютерин жана "Самсунг" үлгүсүндөгү телевизорун уурдап кетишкенин билдирген. Уурулар келтирген зыяндын чыгымы жалпысынан 200 миң сомду түздү.

Ага кошумча, Комсомол айылынын К.Т. аттуу 48 жаштагы тургуну да ууруларга чара көрүүнү суранып арыз жазган. Уурулар К.Т.нын үйүнө да 2019-жылдын 31-январында саат болжол менен 11:00дөн  17:00 аралыгында терезе аркылуу кирип 23 миң сомго бааланган "Леново" үлгүсүндөгү ноутбугун жана 30 500 сом акчасын уурдап кетишкен.

Аталган фактылар боюнча 200-статья (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, изилдөөлөрдүн жыйынтыгында 26 жаштагы учурда Бишкек шаарында жашаган Ыссык-Көл облусунун К.Э. аттуу жараны кармалды. Шектүү буга чейин соттолгон экендиги аныкталды. Ал айрыкча ноутбук, компьютерлерди уурдаганы айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-uuruluka-shektelip-26-zhashtagy-zharan-karmaldy-al-noutbuktarga-chylyk-kylgan



Добавить комментарий