Чүйдө талаптарды сактабаган коомдук жайларга эскертүү берилди

10 июля 2020 12:32 550 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында Чүй облусунун бардык аймактырында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүп жатат.

Милиция кызматкерлери тарабынан мобилдик топтор түзүлүп, үн жогорулатуучу аппараттардын жардамдары менен жашоочуларды коомдук жайларга чыкканда бет кап тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуп, учурдагы талаптарды так сактоого чакырылды.

“Кызматкерлер тарабынан соода-түйүндөрү, базарлар, коомдук тамактануучу жайлар жана техникалык тейлөө тармактарында текшерүүлөр жүргүзүлүп, талаптарды сактабаган коомдук жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Ошол эле учурда коомдук жайларда бет капсыз жүргөн жарандар аныкталып аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-miliciya-kyzmatkerleri-tynymsyz-ish-alyp-baruuda



Добавить комментарий