Сокулукта чоң энесин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, небереси кармалды

20 октября 2022 10:13 735 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулукта чоң энесин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, маркумдун небереси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.


Белгилүү болгондой, шектүү ичкиликтен айынан чоң энесин өлтүрүп койгон. 

“Ушул жылдын 19 октябрь күнү Сокулук РИИБнө, Сокулук айылындагы үйүнөн 1952-жылы туулган Г.В. денесинде оор жаракаттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Келтирилген оор жаракаттардын кесепетинен Г.В. жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.  

Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-статьясында ( адам өлтүрүү ) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам аныкталды. Ал өлгөн адамдын небереси 1999-жылы туулган Г.М. болуп такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПкнин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Кылмыш ичкиликтин айынан, чоң апасы небересин ичикилик ичесин деп урушканынан болгондугу аныкталды.

Тергөө уланып жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-cho-enesin-mykaachylyk-menen-ltrg-shektelip-neberesi-karmaldy



Добавить комментарий