Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

10 февраля 2020 11:24 562 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды 2020-жылдын 6-февраль күнү Сокулук районунун ички иштер органдарына Военно-Антоновка айылындагы көчөлөрдүн биринен болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматтын негизинде окуя болгон жерге Сокулук районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында каза болгон жарандын ким экени такталып, ал 51 жаштагы Д.Э. аттуу киши экендиги аныкталып, ал киши колдуу болгону маалымдалган. 

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 32 жаштагы А.У. аттуу жаранкармалган. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя шектүү жаран менен каза болгон кишинин ортосунда мас абалында пикир келишпестиктен улам чыкканы маалым болгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.




Ссылка: https://barometr.kg/sokuluk-rajonunda-kishi-ltrg-shekt-karmaldy



Добавить комментарий