Сокулуктагы быстротокко унаа түшүп кетти (Сүрөт)
Поделиться в:
Сокулук районундагы быстротокко унаа түшүп кеттип бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Чүй облусунун Сокулук районунда кечээ, 2-июль күнү саат 21:34 чамасында Асылбаш айылында “Жигули” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып быстротокко түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган аял киши каза болуп, 1986- жылы туулган эркек жана 2013-жылы туулган жаш бала жабыркаган.
ӨКМдин №23 ӨКБ куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.
Добавить комментарий ×