Сокулук райондук милиция башчысы жол кырсыгына кабылды

7 декабря 2019 14:27 4657 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунун Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков унаа кырсыгына кабылды. Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында катталганын Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Темирлан Мирсадык уулу “Barometr.kg” сайтына билдирди.

- Окуя таңкы саат 04:00 катталган. Mercedes Benz унаасынын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй баратып, каршы тарапта келе жаткан Mercedes Sprinter унаасы менен кагылышкан. Кырсыкта Mercedes Sprinterдин айдоочусу жаракат алып, Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми Mercedes Benz унаасынын айдоочусу ошол эле ооруканадан амбулатордук жардам алган. Кырсыктын келип чыгышын Ысык-Ата райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү териштирип жатат, - деди Темирлан Мирсадык уулу.

Айрым маалыматтарда милициянын полковниги Максат Чойбеков кырсыктын айыпкери экени, ал мас абалында унаа башкарып баратканы айытылат. Темирлан Мирсадык уулу бул маалыматты тастыктаган жок. Ал айтылгандар тийиштүү кызматкерлер тарабынан териштирилип жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/sokuluk-rajonduk-miliciya-bashchysy-zhol-kyrsygyna-kabyldy



Добавить комментарий