Согуштун кесепети: Карабахта аткылоодон эки француз журналисти жаракат алды
Франциянын Le Monde гезитинин эки журналисти Тоолуу Карабахта октон жаракат алышкан. Бул тууралуу Армениянын өкмөттүк аппаратынын маалымат кызматынын башчысы Оганес Мовсисяндын 1-октябрда жергиликтүү ММКларга берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
«Толуу Карабахта Франциянын Le Monde гезитинин журналисттери аткылоого туш болушту. Эки адам жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө тең Франциянын жарандары», - деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Армениянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Анна Нагдалян социалдык тармактагы баракчасына Карабах жаңжалын чагылдыруу үчүн 50дөн ашуун басылмалардан 200гө жакын чет элдик журналисттер аккредитацияланганын баса белгиледи.
Кече, 30-сентябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Коопсуздук Кеңешинин жыйынында, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Карабахтагы мындан аркы аракеттерин талкуулаган.
Мындан тышкары, Европа Бирлигинин мамлекет жана өкмөт башчылары 1-2-октябрда боло турган саммитинде эки тарапты Тоолуу Карабахта ок атышууну токтотууга чакырууну пландаштырууда.
Ошол эле учурда, 30-сентябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, аймактагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында жаракат алгандарга барганда, Армениянын Куралдуу Күчтөрү Тоолуу Карабахтан чыгып кетсе, уруш токтойт деп билдирген.
Өлкөлөр ортосундагы жаңжалдын жаңы курчушу 27-сентябрда эртең менен белгилүү болгон. Азербайжан менен Армения чыр-чатакты күчөтүп, адам өлүмүнө себепкер болду деп бири-бирин айыптап жатышат.
Эске сала кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргоп келет.
Ссылка: https://barometr.kg/sogushtun-kesepeti-karabahta-atkyloodon-eki-francuz-zhurnalisti-zharakat-aldy
Добавить комментарий ×