Согуштан кийинки абалды эске салат. Шаар тургундары Лев Толстой көчөсүнүн абалына нааразы – видео
Бөлүшүү:
Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсү менен күн батыштан келе жатканда Шабдан баатыр көчөсүндөгү көпүрөдөн өткөндөн кийин Достоевский көчөсүнө чейинки жолдун абалы таптакыр начар экенин шаар тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, Лев Толстой көчөсүнүн эки башы оңдолгону менен ортосу оңдолгон эмес.
“Өтүүгө таптакыр мүмкүн болбой калды. Асфальт төшөбөсө дагы шагыл төгүп коюшса жакшы болмок”, — дейт тургундар.
Алар жиберген видеодон жолдун суу басканын көрүүгө болот. Ошол эле учурда жолдун тамтыгы чыкканы даана байкалат.
Добавить комментарий ×