Соцтармактардын колдонуучулары депутаттардын Конституциялык палатага болгон айыптоолоруна нааразы

24 мая 2019 15:01 1168 Barometr
Поделиться в:
ok

21-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин отуруму болуп, Конституциялык палата менен парламенттин өз ара аракеттенүүсү тууралуу маселе каралды.

ММКлар жазып чыккандай, депутаттар Жогорку соттун төрагасынын Конституциялык палатага карата даттануусун карады. Анда депутаттар Жогорку соттун өкүлдөрүн жыйынга чакырышканда Коституциялык палата сот системасынын иштери туурасында маалыматтарды бербей коюшкандыгы тууралуу белгиленген. Төраганын даттануусу боюнча Конституциялык палата дагы өз бүтүмүн берип, парламент Жогорку соттун маалыматын угууга укуктуу эмес экендигин белгилеген.

Депутат Курманкул Зулушев өзүнүн кесиптештерин бул маселеде бекем турууга үндөп, «Керек болсо биз бул органды жаап, бардык ыйгарым укуктарын Жогорку сотко беребиз. Биз муну чечишибиз керек. Эгер биз мындай олуттуу мыйзам бузууларга баа бере албасак, анда бул жерде эмнеге отурабыз?»-деген пикирин айтты. Ага жооп берген Конституциялык палатанын төрагасы Эркин Мамыров: «Эгер биз укуктук мамлекет, көз карандысыз өлкө туурасында айта турган болсок, анда мындай өлкөдө Конституциялык сот болорун эске алышыбыз керек»-деди.

Бул соцтармактарда кызуу талкууга алынып, депутаттар парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын Конституциялык палата тарабынан мыйзамсыз деп таанылгандыгын айтуу үчүн Мамыровду чакырышкандыгы жөнүндө пикирлер айтылууда. 

Зулушев Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн текшерүүгө парламентти үндөдү. Бирок Конституциялык палата өзүнүн ишине кийлигишүүгө, текшерүүгө Конституция укук бербестигин белгиледи. Чынында эле  Конституцияда мындай укук парламентке берилген эмес. Ошентсе дагы депутаттар Конституциялык палатанын төрагасынан чындап эле экзамен алгандай болушту. Суроолордун катарында бул же тигил терминологияны билүүсү, ал тургай Гегелдин философиясы боюнча дагы суроолор орун алып, Мамыров депутаттарга «эксплицитно» жана «имплицитно» терминдерин айырмасын түшүндүрүп берди. Депутаттар Конституциялык палатанын тигил же бул татаал сөздөрдү колдонуусуна да нааразы болушту. Зулушевдин сөзүн четке кагуу менен жооп берип жаткан Конституциялык палатанын төрагасына депутат: «Мага морал үйрөтпө!»-деп айтканга да жетишти. Депутаттардын минтип төраганы суракка алышы соцтармактарда парламент-кожоюн, ал эми судьялар –депутаттарга баш ийип турган пешкалар дегендей эле түшүнүк калтырды. Барынан да Зулушевдин «Конституциялык палатаны тизгиндөөгө» депутаттарды чакырып, «Конституциялык палатаны жаап салабыз» дегени көбүрөөк талкууланып, соцтармактарда айрым колдонуучулар Жогорку Кеңештин бул чакырылышына аллергия болушарын, алардын мындай жүрүм-туруму жакпай жаткандыгын жана ал тургай парламентти таркатуу керектигин жазып чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/soctarmaktardyn-koldonuuchulary-deputattardyn-konstituciyalyk-palataga-bolgon-ajyptooloruna-naarazy



Добавить комментарий