Үмүт жаңы конушунда балдарды уурдап кетти делген маалымат тууралуу милиция билдирүү таркатты

24 апреля 2023 11:49 1078 Barometr
Поделиться в:
ok

Интернетте жаш балдарды уурдап кетишти делип таркап жаткан видео тууралуу милиция маалымат таркатты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой,  21-апрелде TikTok социалдык түйнүндө “Мазда” үлгүсүндөгү унааны кубалап бара жаткан видео пайда болгон. 

Алардын айтымында, «Мазда» унаасындагылар Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы Үмүт жаңы конушундагы балдарды уурдап бара жаткан.  

Кийинчерээк, Маевка айылында бир кызды уурдап кеткени айтылган.  

Милициянын билдирүүсүндө, тараган маалымат чындыкка дал келбейт.  
“Чүй облусунда балдарды уурдоо фактысы катталган эмес. Мындан тышкары, Аламүдүн РИИБ тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, анын алкагында «Мазда» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1982-жылы туулган А.Т.  аттуу жаран сурак берген.    
 
 
 

Ал укук коргоо кызматкерлерине “Үмүт” жаңы конушуна тааныштарын алып келгенин айткан. Ал жерден ага бир нече адам келип, унаасынын эшигин тарта башташкан. Коркуп кетип, унаасын айдап кетип калган. Жарандар анын артынан түшүп кууп жөнөшкөн. Алардын бул аракетинин себебин билбей турганын айткан”, -деп айтылат маалыматта.         

Буга байланыштуу ИИМ жалган маалыматтарды жарыялабоону суранып, кылмышка күбө болгон бардык жарандарды 102 жана 112 номурларына кайрылууга чакырат.       

Ссылка: https://barometr.kg/soctarmakta-mt-zhay-konushunda-bir-top-balany-uurdap-ketti-delgen-maalymat-tuuraluu-miliciya-bildir-tarkatty



Добавить комментарий