Соцтармакта Кыргызстанда коронавирус тараганы боюнча жалган маалымат тараткан аял кармалды

16 марта 2020 10:43 733 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция кызматкерлери жалган маалымат тараткандарды аныктоо боюнча иш алып барууда. Бир суткада эле өлкө аймагында жалган маалымат тараткан 15 учур аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери Кыргызстанга коронавирус мурда эле келгенин, бирок ал жашырылып жатканы боюнча Instagram аркылуу жалган маалымат тараткан аялды аныкташты. Ал Беловодское айылынын 27 жаштагы тургуну болуп чыкты. Бул боюнча учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Ички иштер министрлиги элди жалган маалыматка ылдырып, паника болуудан алыс болууга чакырат. Андан сырткары жалган маалымат тараткандар мыйзам алдында жоопко тартыла турганын эскертет.

Эгер социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарды байкап калгандар болсо 102 номери аркылуу билдирип коюуну министрлик өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/soctarmakta-kyrgyzstanda-koronavirus-taragany-boyuncha-zhalgan-maalymat-taratkan-ayal-karmaldy



Добавить комментарий