Социалдык тармактарда Икрамжан Илмияновду камакка алынсын делген соттун чечимин көрсөткөн кагаз тарап жатат
Facebook социалдык баракчасында Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы тандалганы боюнча соттун чечиминин көчүрмөсү делген документ тарады. Аны Камиль Балбаев аттуу фейсбук колдонуучу "Эч кимиңер көрө элек белеңер?" деп жазган.
Кагаздагы берилген маалымат боюнча сот Икрамжан Илмияновду УКМКнын тергөө абагына киргизилсин деген чечим чыгарган.
“Икрамжан Илмиянов тергөө абагына жеткирилген күндөн тарта 48 сааттын ичинде анын кармалгандыгынын аныктыгын жана мыйзамдуулугун текшерүү үчүн сотко алып келиниши керек”, — деп токтомдун көчүрмөсү делген документте жазылып, сот деп көрсөтүлгөн А.Калыбаев атту адамдын колу коюлган.
Бул кагаз боюнча азырынча УКМКдан дагы, Башкы прокуратурадан дагы такталган маалымат боло элек.
Икрамжан Илмиянов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси жана Көк Бөрү Федерациясынын Канат Исаевден кийинки жетекчиси болгон.
Добавить комментарий ×