Социалдык коргоо кызматкерлеринин майып балдарга берген белеги соцтармакта кызуу талкуланууда

8 января 2021 10:57 3518 Barometr
Поделиться в:
ok

Соцтармакта Чүй районунун социалдык коргоо кызматкерлери майып балдарга жаңы жылга карата берген белеги талкууланууда. Аталган башкармалык майып балдарга арнап берген белегинин ичинде аялдардын ич кийими болгон. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Гүлмира Турдугулова жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Нурсултанга Чүй районунун социалдык коргоо кызматкерлери тарабынан берилген жаңы жылдык белек. Төрт жылдан бери аталган башкармалыктан биринчи жолу белек алып жатабыз. Бирок, белекти ача электе эле мени анын эски, кир баштыгы көңүлүмдү түшүрдү. Анан белекти ачканда эмне деп айтарымды билбей турам. Мени кичинекей кезимден эң башкысы белек эмес, көңүл буруу деп ата-энем үйрөткөн. Бирок, мен ыйлаарымды же күлөөрүмдү билбей турам. Белектин ичинде аялдардын ич кийими жана эски кофта бар экен. Мен муну шылдың катары көрөм. Кантип ушундай болсун?”, - деп жазды Турдугулова.

Бирок, соцтармак колдонуучуларынын көпчүлүгү социалдык коргоо кызматкерлери белекти балким алмаштырып берип алган болушу керек деген билдирүүлөрдү калтырууда.


Ссылка: https://barometr.kg/socialdyk-korgoo-kyzmatkerlerinin-majyp-baldarga-zhay-zhylga-bergen-belegi-soctarmakta-kyzuu-talkulanuuda



Добавить комментарий