«Бишкек-Ош-Бишкек» каттамы боюнча учактар күнүнө 2 жолу каттайт
«Манас» Эл аралык аэропорту» 2020-жылдын 12-июнунан баштап «Бишкек-Ош-Бишкек» маршруту боюнча жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз ички каттамдарын күнүнө эки жолу аткарат. Каттамдарды «Тез Джет» ата мекендик авиакомпаниясы ишке ашырат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Каттамдардын жүгүртмөсү: (учуу)
Бишкектен – 08:00; Оштон – 09:30 (таңкы каттамдар);
Бишкектен – 15:15; Оштон – 16:45 (күндүзгү каттамдар).
Авиабилеттерди сатып алуу боюнча жүргүнчүлөр алдын-ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек.
Эскерте кетсек, аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган жүргүнчүлөргө гана уруксат, аларда коргоочу беткап жана билеттери болушу керек. Бардык жүргүнчүлөр кире бериштен термометрден жана дезинфекциялык туннелден өтүшөт. Социалдык аралыкты сактоо үчүн аэропорттордо атайын белгилер бар.
Ссылка: https://barometr.kg/socialdyk-aralykty-saktoo-chn-aeroporttordo-atajyn-belgiler-bar
Добавить комментарий ×