Соң-Көл жайлоосуна үй-бүлөсү менен чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткандар табылды
Поделиться в:
Нарындагы Соң-Көл жайлоосуна чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан үй-бүлө аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-декабрь күнү саат 23:04тө 1975-жылы туулган Н. А.аттуу жаран эки баласы менен Toyota Kluger унаасы менен Соң-Көл-Кара-Тал унаа жолу аркылуу Соң-Көл жайлоосуна чыгып кетишип, кайра байланышка чыккан эмес.
Куткаруучулар дайынсыз жоголгондорду издеп, жайлоого барышкан. Аларды "Кырк-Боз үй" тилкесинен аман-эсен табышкан.
Абалдары жакшы деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/so-kl-zhajloosuna-j-bls-menen-chygyp-ketip-dajynsyz-bolup-zhatkandar-tabyldy
Добавить комментарий ×