Скандарбек Көчөрбаев ИИМдеги ишинен эмнеге кетти?
Ички иштер министрлигин ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев жумуштан кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, анын жумуштан кетүүсүнө, ички иштер органында эмгектенип жаткан ардагер, кызматкерлердин мыйзамсыз жумуштан алынышы себеп болгон. Кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын натыйжасында Көчөрбаев акча өндүрүү жана талап кылуу, кызматкерлердин укугун бузуу менен алектенгендиги маалым болгон.
Жүйөөлүү себептерден улам, Башкы прокуратура Скандарбек Көчөрбаевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Белгилей кетсек, Көчөрбаев буга чейин ЖМКга берген маегинде УКМКнын экс-жетекчиси Абдил Сегизбаев менен ага-ининин балдары экенин билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/skandarbek-kchrbaev-iimdegi-ishinen-emnege-ketti
Добавить комментарий ×