Сүйүнчү! Шоумен Санжар Мыкыевдин жубайы көз жарды
Поделиться в:
Тамашоучу, шоумен Санжар Мыкыевдин жубайы Наристе кечээ көз жарды. Бул сүйүнүчтүү кабар менен Мыкыев өзүнун интернеттеги баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Сүйүнчү достор! Аллахыма чексиз мактоолор болсун! Он эки айдын султаны болгон улуу орозо айында дагы бир кыздуу болдум! Жаным Наристе жаратканым сага чың ден-соолук насип этип эки дүйнө чогуу бололу!", -деп шоумен жубайына рахматын айтты.
Эске салсак, түгөйлөр 2013-жылдын күз айларында баш кошушкан. Ал эми 2015-жылы жубайлардын Фатима аттуу туң кызы төрөлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-shoumen-sanzhar-mykyevdin-zhubajy-kz-zhardy
Добавить комментарий ×