Сүйүнчү. Кыргыз фокусниктери Өзбекстанда жеңишке жетишти
Кыргызстандык дуэт фокусниктер Өзбекстанда өткөн иллизионисттердин фестивалында “Эң мыкты шоу” наамын жеңип алышты. Бул тууралуу жеңүүчү жигиттер жеринен видео тасма менен бөлүшүштү.
Алар өз сөзүндө:
“5000 адамдын алдына чыгуу биз үчүн чоң сыймык болду, бизге урмат-сыйын көрсөткөн меймандостугуңуздар үчүн чоң рахмат. Жаңы достор, жаңы багыттар. Ондогон мактоо сөздөр, чоң залдагы кол чабуулар. Буга чейин биз менен мынчалык көп адамдын сүрөткө түшкүсү келген эмес эле. Баары сыйкырдуу болду. Ташкент баары үчүн рахмат”, -деп сүйүнүч сезимдери менен бөлүшүштү.
Фокусниктер бүгүн Кыргызстанга учуп келишти.
Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-kyrgyz-fokusnikteri-zbekistanda-zheishke-zhetishti
Добавить комментарий ×