Сүйүнчү! Исхак Масалиев неберелүү болду
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, коомдук жана саясий ишмер Исхак Масалиев неберелүү болду. Бул туурасында анын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Менин уулум Адылбек жана анын жубайы Мунара. Алар бизге ушул кичинекей кереметти 10-майда тартуулашты. Апам тирүү кезинде чөбөрөсүнүн атын Азам деп коюуну суранган. Апамдын тилеги орундалды. Масалиев Азамат Адылбекович төрөлдү. Фамилиясы улантылат. Азам, планетанын башка миллиондогон балдары сыяктуу бактылуу болсун. Биздин бүт жашообуз ушуга арналган. Адыл менен Мунарага рахмат! Достор, ар бириңерге ушундай кубаныч каалайм!”, - деп жазган Исхак Масалиев.
Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-ishak-masliev-neberel-boldu
Добавить комментарий ×