Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алтын медаль тагынды

16 апреля 2021 20:34 13670 Barometr
Поделиться в:
ok


Бүгүн, 16-апрелде Казакстандын Алматы шаарында Азия чемпиондугунун финалында Айсулуу Тыныбекова алтын медаль жеңип алды. 

Мелдешке 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова финалда монголиялык Болортуя Хурелху аттуу балбан менен кез келди.

Беттештин биринчи бөлүгү 5:0 эсебинде Тыныбекованын жеңиши менен аяктады. 

Ал эми, экинчи бөлүктө Тыныбекова 6 упай ала алды.
Ошентип, жалпы эсеп 11:0 болуп, Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону аталды. 


Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова биринчи турда индиялык Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Бирок, атаандашы килемге чыгып, күрөшүүдөн баш тарткандыгы үчүн Айсулуу Тынбековага дароо жеңиш ыйгарылган.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын экинчи турдагы атаандашы казакстандык Ирина Кузнецова болду. Күрөштүн жүрүшүндө, Тыныбекова ишенимдүү түрдө атаандашын 11:1 эсебинде жеңип алган.


Үчүнчү турда, Айсулуу Тыныбекова түштүк кореялык Юнг Жин Квон аттуу балбан кызга такыр мүмкүнчүлүк бербей 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.


Жарым финалдагы кармашта ал Өзбекстандык балбан кыз Рушана Абдирасулова менен кез келди. Мелдештин жүрүшүндө Айсулуу Тынбекова өзбекстандык балбан кыздын далысын жерге тийгизип, таза жеңиш менен финалга чыккан.


Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-ajsuluu-tynybekova-aziyanyn-chempionu-boldu



Добавить комментарий