Сүйүнчү 50 миң сомдон, эгерде үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлсө

20 ноября 2019 09:25 11601 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 000 (элүү миң) сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп берет. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалымат камсыздоо бөлүмү билдирди . 

Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет. Бул жардам үй-бүлөлөргө эрте өнүгүү мезгилинде социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

 Белгилей кетсек, үй-бүлөлөрдү социалдык-экономикалык колдоо, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, алардын саламаттыгы, билим берүү, тарбиялоо, коопсуздук маселелерин чечүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. 

Өкмөт социалдык коргоонун жана балдарды коргоонун  институционалдык механизмдерин жакшыртуу иштерин жүргүзүп жатат. 

Эскерте кетсек, үй-бүлөлөрдүн жетиштүүлүгүнө карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилет. 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» кызматы киргизилди. 

Бул балага үй-бүлөсүнүн курчоосунда калууга шарт түзөт, аларга айлык акы төлөө маселеси чечилген. 


Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-50-mi-somegerde-j-bld-bir-uchurda-ch-zhe-andan-ashyk-bala-trls



Добавить комментарий

  • Эгиздердергеда берилсе болмок миңдин бири үч эм төрөйт ито төрөсө эгиздердин саны көбүрөөкго