Сизге ичи тардык кылган курбуңуздун кереги барбы?

11 июня 2019 10:00 2816 Barometr
Поделиться в:
ok

Ичи тардык - бул ар бир адамдын жашоосунун кичинекей бир бөлүгү. Андыктан мындан буйтап кача албайсыз. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн кээде туура эмес да кадамдар да болуп кетиши толук ыктымал. Маселен, курбулардын ичи күйдүрүүдөн качуу үчүн алардын мырзаларына көз артып, мамиле курууга аракет жасоо туура эмес кадам болуп эсептелет. Ошол эле учурда ичи тар курбулардан тартынып, өзүңүздүн жетишкендиктериңизден уялып же жашыруу дагы туура эмес. Эгерде сиз өзүңүздү ушундай абалда сезсеңиз, анда курбу күтүүнүн кереги жок.

Курбуңуз сиз үчүн абдан маанилүу болсо, анда достук мамилеге дароо эле чекит койбой, аны менен ачык, бетме - бет отуруп сүйлөшүп көрүңүз. Курбуңузда жакшы сапат бар болгон болсо, анда ич күйдүлүк кылганын мойнуна алат. Бул учурда сиз ага түшүнүү менен мамиле жасап, анын көйгөйлөрүн кулак салып угуңуз. Балким сизге айтпаган олуттуу көйгөйлөрү болуп жүрбөсүн.

Ал эми көз көрүнө жалган айтып, "ичи күйдүлүк кылган жокмун"- деп ачуусу келсе, анда, акыркы чечим өзүңүздөн. Ойлонуп көрүп туура чечим кабыл алыңыз. Мындай "курбунун" сизге кереги барбы?


Ссылка: https://barometr.kg/sizge-ichi-tardyk-kylgan-kurbuuzdun-keregi-barby



Добавить комментарий