Сиздин колуңуздун тырмактары ден соолугуңуздагы маселени кѳрсѳтѳт

19 октября 2019 11:40 3242 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Соо тырмактар сиздин дени сактыгыңыздын белгиси. Кѳп учурда адамдар тырмактары тез сынып, кээде кандайдыр бир тактар пайда болгону, катмарланышы тууралуу айтышат. Медицинада атайын дарыгер-онихолог  деген адистик бар. Бирок тажрыйбалуу, билимдүү терапевт тырмактарга сѳзсүз кѳңүл бурат. Тырмакты ички организмдин күзгүсү деп койсо да болот.  

Barometr.kg маалымат агенттиги тырмактар жѳнүндѳгү сырларды сиздерге сунуштайт.

Бул макаланы окугандан мурда алгач колуңуздун тырмактарын карап, адистин айткан кеңешине салыштырсаңыз. 

Соо тырмактар кандай болот?  Тырмактын түбүндѳ ак болгон жаача жайгашкан, тырмагыңыз кызгылтым, сыймакай, бир аз жылтырап турса эч кам санабаңыз. Тырмактар 3-6 айда бир жаңыланып турат, ар жумада 0,5-1мм чейин ѳсѳт. 

Аялдардын тырмагы эркектерге салыштырмалуу тез ѳсѳт. Кышында жай ѳсѳт.

Тибет медицинасы ар бир манжаны ар орган менен байланыштырып келген. Мисалы, баш бармак мээ менен байланышкан, сѳѳмѳй ѳпкѳ менен, ортоңку ичке ичеги, аты жок бѳйрѳк менен, чыпалак жүрѳк менен байланышканын айтып келишет. Бирок биз буларга басым жасабайбыз. Эгер сиздин тырмагыңыз жай ѳссѳ эндокринологго кайрылышын абзел.

  • Абдан таанымал болгон белгилердин бири барабан таякчалары деп аталат. Эгер сиздин манжалардан тырмактарыңыз томпоюп кѳтѳрүлүп турса,жүрѳк менен ѳпкѳңүздѳ маселе бардыгын кѳрсѳтѳт.
  • Тырмактагы узун сызыкчалар ,тамак сиңиүүсистемасында маселе бар экендигин билдирет.
  • Туурасынан кеткен ойукчалар витаминдердин жетишсиздиги ѳнѳкѳт ооруларды билдирет.
  • Тырмагыңыз кашыктай болуп чуңкур болсо, темирдин жетишсиздигин билдирет.
  • Ак тактардын кѳп болушу цинк менен кальцийдин жетишсиздигин билдирет.
  • Ак түс аз кандуулукту билдирет.Өтѳ кызыл түстѳ болгону кызыл кан клеткаларынын ашыкча болушун билдирет, саргыч түс боордун алсыздыгын же сарык оорусу билдирет. Кѳгүш түстѳгү тырмак жүрѳк менен ѳпкѳнүн алсыздыгын кѳрсѳтѳт. Жашгылтым түстѳгү баш бармак тамак сиңирүү маселесин кѳрсѳтѳт. Бозомук түстѳгү тырмактап, стресс аллергиянын белгилери. Кээде сасык тумоо болгондо да тырмактар бозомук болот.
  • Тырмактын айча түрүндѳгү жери кѳгүш болсо ѳттѳгү маселени,кызыл болгону жүрѳктѳгү маселени кѳрсѳтѳт.
  • Тырмактардын сына бергени  медицинада- онихорексис деген аталышта каралат. Сиздин организм псориаз, экзема , таз болуунун белгиси.

Ссылка: https://barometr.kg/sizdin-koluuzdun-tyrmaktary-den-sooluguuzdagy-maseleni-krstt



Добавить комментарий