Сирияга джихадка барууну көздөгөн кыргызстандык кармалды
Сирияга джихадка барууну көздөгөн Баткен облусунун тургуну кармалды кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады
Аталган жаран Кыргызстандын аймагына тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдун рекуртарынын кылмыштуу иштерине бөгөт коюу жана табуу боюнча өткөрүлгөн контртеррористик иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган
Баткендин тургуну КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп социалдык тармактар аркылуу МТО эммисарларынын таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн. Террордук уюмдун башчыларына ант берип, Сириядагы ЭТУ (Эл аралык террордук уюм) бандиттик түзүлүштөргө кошулуу максатында «жихадга» катышып андан нары Түркия-Сирияга мыйзамсыз өтүүгө, башка өлкөлөрдүн террордук уюмдарына жалданмачы тобунун катарында болуп, андан ары Түркия учууну пландаштырган.
Азыркы убакта УКМК органы тарабынан ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү» жана «Жалдануучулук» беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери тергелүүдө.
Кармалган адам УКМКнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/siriyaga-dzhihadka-baruunu-kzdgn-kyrgyzstandyk-karmaldy
Добавить комментарий ×