Сингапурда эң узак тынымсыз 19 сааттык уча турган аба каттамы ишке киргизилди

12 октября 2018 10:25 869 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Сингапур авиа компаниясы дүйнөдөгү эң узак убакытка учкан каттамды киргизди. 11-октябрда Сингапурдан Нью-Йоркту көздөй 19 саат тынымсыз учкан аба каттамы ишке киришти. Бул тууралуу Channel News Asia агенттиги билдирди.

19 сааттын ичинде 161 жүргүнчүнү батырган Airbus A350-900ULR үлгүсүндөгү учак тынымсыз 16,7 километр аралыкты басып өтөрү айтылды. 

Учактын ичинде жүргүнчүлөрдү тейлөөчү 15 экипаждын мучөлөрү алмашып 8 сааттан эс алып тейлешет. 

 Мындай узак убакытка созулган учууда учактын ичи атайын ылайыкталып жасалган. Көпкө чейинки учууда жүргүнчүлөрдү чарчатпаш учүн учактын ичи адаттагыдан кенен, устү бийик болуп жасалган. 


Ссылка: https://barometr.kg/singapurda-e-uzak-tynymsyz-19-saattyk-ucha-turgan-aba-kattamy-ishke-kirgizildi



Добавить комментарий