"Симба" мультфильми кино болуп тартылат
Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган "Падыша арстан" же болбосо "Симба" мультфильми эми кино болуп тартылууда. Walt Disney Studios киностудиясы "Падыша арстан" мультфильминин негизинде тартылган тасмасынын трейлерин жарыялады. Кечээ, 22-ноябрда жүктөлгөн трейлерди бир сутканын ичинде көргөн колдонуучулардын саны 6 миллионго жакындады. Тасманын 1994-жылы тартылган мультфильми дүйнөгө кеңири таанымал.
Режиссер Жон Фавронун "Падыша растан" мультфильминин жаңыланган версиядагы тасмасы көрүүчүнү Африка саваннасына алып барат. Кызыктуу сюжетте жапайы дүйнөнүн болочоктогу падышасы өзүнүн "Падыша аскасына" жетүү үчүн башынан өткөргөн кыйынчылыктары көрсөтүлөт. Аталган тасма 2019-жылдын жай айларында кинотеатрларга чыгарылат. Тасманы тартууда Жон Фавронун режиссерлук кылууда.
Эске салсак "Падыша арстан мультфильми 1994-жылы көрүүчүлөргө тартууланганына карабай бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой келет.
Ссылка: https://barometr.kg/simba-multfilmi-kino-bolup-tartylat
Добавить комментарий ×