«Silk Way» индустриалдык паркында текстилдик-тигүү өндүрүшүн ачуу эмне үчүн пайдалуу?

12 мая 2021 18:25 2743 Barometr
Поделиться в:
ok

«Silk Way» индустриалдык паркы өзүнүн резиденттери үчүн кымбат баалуу убакытты үнөмдөө, ири компаниялар менен кызматташтыкты түзүү, өндүрүмдүн сапатын жакшыртуу жана аны жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Бүгүнкү күндө парктын аймагында Expo-борборду, өндүрүштүк фабрикаларды, парковкаларды, спорттук ат оюндарынын мектебинин жана текстилдик базардын курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.

Парк өз ара байланыштагы бир нече секторго бөлүнгөн. Негизги объекттердин бири – өндүрүштүк сектор – бул “А” классындагы заманбап складдык имараттары бар 90 миң чарчы метрден ашуун фабрикалар, мында иш жана эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Индустриалдык парктын резиденттерине аянты  4000 чарчы метрге чейинки заманбап өндүрүштүк фабрикалар сунушталат, аларга каалагандай технологиялык линияны жайгаштырууга болот.

Ар бир өндүрүштүк фабрика эл аралык стандарттарга жооп берет, жылууланган, зарыл болгон инженердик коммуникациялар (желдетүү системасы, электр менен камсыздоо, суу менен камсыз кылуу, телекоммуникация системалары), сигнализация жана өрт өчүрүү тутуму, ошондой эле мүлктүн коопсуздугун камсыздоого шарт түзгөн видеобайкоо системасы менен жабдылган.

Толук инженердик автономия, ыңгайлуу транспорттун жеткиликтүүлүгү, кеңири кире бериш жолдор жана парковкалар «Silk Way» индустриалдык паркынын өндүрүштүк фабрикаларын бизнес ачуу үчүн мыкты жай кылат.

Өз өндүрүшүн нөлдөн баштап жөндөө кыйын иш экендиги бизнесмендерге маалым. Ылайыктуу имаратты же жер тилкесин табуу, документтерди, ар кандай уруксат кагаздарын тариздөө, электр энергиясы менен камсыздоо, транспорттук инфраструктураны куруу зарыл. Бул убакытты жана акчаны талап кылат.

«Silk Way» индустриалдык паркынын аймагынан соода-өндүрүштүк аянтты сатып алуу менен ишкерлер үчүн бул маселелер жөнүндө ойлонуунун кажети жок, алар иштөөгө толугу менен даяр жай алышат.

Мындан тышкары, бир катар кызматтардын бир жерге топтолушу чыгымдарды кыйла кыскартып, ал эми ылайыктуу географиялык жайгашуусу транспорттук чыгымдарды жана ташуу убактысын кыскартат.

Ушул жана башка факторлор «Silk Way» индустриалдык паркын жеке текстилдик жана тигүүчүлүк өндүрүштү баштоо үчүн эң сонун жайга айландырат.

Эске сала кетсек, инвестор өнөр жай паркынын аймагынан аянтты жеке менчикке бардык укуктук документтери менен алат. Андан кийин алар объекти күзөтүү жана коммуналдык кызматтар үчүн гана төлөшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/silk-way-industrialdyk-parkynda-tekstildik-tig-ndrshn-achuu-emne-chn-pajdaluu



Добавить комментарий