Си Цзиньпин: Эгерде Кытай менен АКШ кагылышса, дүйнө апаатка туш болот

11 февраля 2021 17:33 627 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытай АКШ менен кагылышса, дүйнө апаатка кабылат деп билдирди. Ал мындай оюун АКШ президенти Джо Байден менен болгон биринчи жолку телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтты. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Кытай менен АКШнын тиреши эки өлкө үчүн жана бүткүл дүйнө үчүн катастрофа болуп саналат", - деп айтылат Си Цзиньпиндин сөзүндө.

Си Цзинпиндин айтымында, эки өлкө үчүн бирден-бир тандоо - бул кызматташуу.

Эскерте кетсек, буга чейин эки мамлекеттин лидерлеринин биринчи жолу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү болгон. Сүйлөшүү учурунда Байден Пекиндин мажбурлоочу жана адилетсиз экономикалык иш-аракеттерине, Гонконг репрессиясына, Синьцзяндагы адам укуктарынын бузулушуна жана аймактагы, анын ичинде Тайванга каршы агрессивдүү аракеттерге байланыштуу негизги тынчсызданууларын баса белгилеген. Өз учурунда Си Цзинпин АКШны Кытайдын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.

Ссылка: https://barometr.kg/si-czinpin-egerde-kytaj-menen-aksh-kagylyshsa-djn-apaatka-tush-bolot



Добавить комментарий