Швецияда өз уулун дээрлик 30 жыл үйүнө камап койгон аял кармалды

1 декабря 2020 10:04 3044 Barometr
Поделиться в:
ok

Швеция полициясы 70 жаштагы аялды өз баласын 28 жыл үйдөн чыгарбай камап койгон деген шек менен кармады. Бул тууралуу Expressen гезити жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Гезиттин маалыматына ылайык, аял ооруканага жатып калганда үйүнөнө кабар алып коюуга келген тууганы капысынан колу буту байланган абалда турган 41 жаштагы эркек кишини көрүп калып тез жардам чакырган. 

Аялдын айтымында, эркек киши абдан коркуп калган, байланган буттары көгөрүп, жараланган. Жада калса киши сүйлөөгө да дарманы келбей калган, иш жүзүндө суроолорго жооп бере албай, араң турган.

Аял тез жардам кызматын чакырып, эркек киши ооруканага жаткырылган, анын абалы оор деп бааланууда.

Кармалган аял уулун 28 жыл үйдө кармаган деп айтылууда. 12 жашында ал баланы мектептен алып чыгып, ошондон бери ал тынымсыз үйдө кармап келген. Ал муну башка адамдар аларга жамандык кылгысы келгендиги менен түшүндүрүп, уулуна үйдөн чыгууга тыюу салган.

Кармалган аялдын тууганы буга чейин, ал үй-бүлөдө кандайдыр бир нерсе болгон деп шектенип жүргөнүн белгиледи.

“Көп жылдар боюу алар менен катышып, сүйлөшүүгө аракет кылчымун. Бирок, ал менин аракетимди четке кагып, туугандардын эч кимиси менен сүйлөшпөй койгон”, - деди кармалган аялдын тууганы.

Ошондой эле, ал эне менен бала жашаган батир ондогон жылдардан бери тазаланбай келгендигин айтты. Ал үй  "бир чоң таштандыга айланып калыптыр" деп мүнөздөдү. Анан да,  үй-бүлөнүн жашоо шартын үрөй учурган кино менен салыштырды.

Стокгольмдун күч органдары бул окуя тууралуу тергөө иштери жүрүп жатканын баса белгилеп, кошумча маалымат беришкен эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/shveciyada-z-uulun-deerlik-30-zhyl-jn-kamap-kojgon-ayal-karmaldy



Добавить комментарий