Швецарияда таштандыны туура эмес таштаган жаран камакка алынды

4 октября 2018 17:38 885 Barometr
Поделиться в:
ok

Швецариянын тургуну таштандыны туура эмес таштагандыгы үчүн камакка алынды. Чет элдик басылмалар жазган маалыматка ылайык, Швецариянын Биль аттуу тургуну таштандыны таштоодо эрежелерди сактабай, аны атайын таштанды салуучу баштыкчага салбастан жана жолдун боюна  туура эмес жерге коюп койгон.

Мындан улам коммуналдык кызматынын кызматкерлери жаранга  150 доллар айып салган. Ал эми жаран бул айыпты төлөбөй койгон. Натыйжада жаран мыйзамды бузгандыгы үчүн камакка алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/shvecariyada-tashtandyny-tuura-emes-tashtagan-zharan-kamakka-alyndy



Добавить комментарий