"Шумкар" атайын полкунда кызмат өтөө учурунда курман болгон кесиптештерин эскеришти

15 мая 2021 12:58 702 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунда кызмат өтөө учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Жыл сайын 15-майда  кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. Бул күнү да ИИМдин  “Шумкар” АБПнын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда курман болгон кесиптештерин эскерүүгө арналган иш-чара өткөрдү. Ага АБПнын ардагерлеринин кеңешинин төрагасы Сейит Исаев батальондордун, атайын операциялар отряддарынын командирлери катышты.

Полктун командири милициянын полковниги Асхат Султаналиев курман болгон кызматкерлердин баа жеткис эрдиктери жаш муундар үчүн дем-күч берип турчу улуу күчкө ээ деп белгиледи.

"Биз бүгүн ажал отун кечип мамлекетибиздин коомдук тартибин, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө өз өмүрлөрүн тобокелге салып баатырларча курман болгон кесиптештерибизди эскерүү күнүн белгилеп жатабыз. Кесиптештерибиздин баа жеткис эрдиктери, эр жүрөктүүлүгү ар бир милиция кызматкери жана өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн үлгү жана баа жеткис байлык болуп алардык кызматында дем-күч берип турчу улуу күчкө ээ", - деп билдирди Асхат Султаналиев..

Кызмат учурунда курман болгондор:

  • милициянын улук лейтенанты Муратбек Базарбекович Туйтунов,
  • милициянын кенже сержанты Дмитрий Викторович Накидкин,
  • милициянын улук сержанты Мирдин Жекшенбекович Түгөлбаев,
  • милициянын старшинасы  Улан Молдобекович Сарыбаев,
  • милициянын старшинасы Омурбек Султанбекович Жумакадыров,
  • милициянын кенже сержанты Уланбек Садыкович Жаанов,
  • милициянын прапорщиги Нургазы Илимгазиевич Молдожакыпов,
  • милициянын старшинасы  Максат Эсенжанович Джоробеков,
  • милициянын капитаны  Толобек Эсенбекович Исмаилов,
  • милициянын майору  Майрамбек Бакасовичти Рыспековту эскерип жатып алар азыр биздин арабызда жоктугуна ичибиз ачышып турат.

Курман болгон кесиптештерибизге таазим этип алардын жаркын элеси ар бир кызматкердин жүрөгүндө түбөлүкө сакталып кала берет.

АБПнын өздүк курамы каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн ар дайым эскерип ар тарптуу жардам көрсөтүп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/shumkar-atajyn-polkunda-kyzmat-t-uchurunda-kurman-bolgon-kesipteshterin-eskerishti



Добавить комментарий