“Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири облустардагы отряддардын даярдыктарын текшерди
ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири Майрамбек Имангазиев Нарын жана Ысык-Көл облустарында атайын операциялар отряддарынын даярдыктары менен таанышты. Бул тууралуу аталган кызматтын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, полктун командири милициянын полковниги Майрамбек Имангазиев жер-жерлердеги атайын багыттагы кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы менен таанышууга барган.
Ошондой эле, Имангазиев отряддын өздүк курамы менен таанышып, материалдык-техникалык жактан камсыздалуусун текшерди. Ал ар бир кызматкер алдына коюулган тапшырмаларды аткарууда мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоого милдеттендирди.
Добавить комментарий ×