Шумдук! Гүлзат Мамытбек жуунуп жаткан жеринен дем берүүчү видео жүктөдү
Белгилүү саентолог, өзүн кыргыздын дегеле бүткүл планетанын деми деп атаган Гүлзат Мамытбек "дем берүүдөн" тажабай келет. Кезектеги дем берүүчү видео тасмасын ал жуунуучу жайдан тартып жеке Instagram баракчасы аркылуу эл менен бөлүштү.
Видеодо Гүлзат айымдын жуунуучу жайда муздак сууга жуунуп жатканын көрүүгө болот.
Бул видео тууралуу Barometr.kg Мамытбектин өзүнө байланышка чыкканда мындай деди:
"Мен акыркы учурларда эртең менен чуркагандан кийин муздак сууга жуунганды адатка айландырып жатам. Бул аябай жакшы ыкма экен. Мен бул жол менен элге дем берип жатам да" -деп жооп берди.
Ага кошумча Мамытбек жаңы жылды үй-бүлөсү менен тоскондугун жана мындай кыймыл аракетин жолдошу жакшы кабыл алып, колдоп жаткандыгын кошумчалады.
Эске салсак, Гүлзат Мамытбек Испаниялык Хуан Буэндиа аттуу режиссер менен никеге турган. Ал атайын Гүлзат үчүн Кыргызстанга келгенин айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/shumduk-glzat-mamytbek-zhuunup-zhatkan-zherinen-dem-berch-video-zhktd
Добавить комментарий ×