Штаб: коронавирус чыккан аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге вирус жуккан жок

31 марта 2020 12:58 1633 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирус чыккан аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге илдет жукту деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу республикалык штабдын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйында билдирди.

Буга чейин бир катар соцтармактарда дарыгерлерге дагы оору жугуптур, аны сактап жатышыптыр деген маалыматтар тараган болчу.

Ал оору чыккан аймактарда иштеп жаткан дарыгерлер коргоочу каражаттар менен камсыз болгонун кошумчалады.

Мамбетов ошондой эле, керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин, алардын запасы үч айга жете турганын белгиледи.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус 107 кишиге жукканы тастыкталды. Анын ичинде үч жаран реанмиацияда. Бирөөсүнүн абалы оор болгондуктан өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат кошулду.

Ссылка: https://barometr.kg/shtab-koronavirus-chykkan-ajmaktarda-ishtep-zhatkan-darygerlerge-virus-zhukkan-zhok



Добавить комментарий