Шоумен Актан Рыскелдиев уулду болду

21 октября 2020 15:02 6229 Barometr
Поделиться в:
ok

Шоумен, тамашоучу, актер Актан Рыскелдиев уулду болду. Бул тууралуу анын соцтармакка жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр”  билдирет.

Актердун келинчеги Феруза бүгүн, 21-октябрда борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган.

Жубайлар үчүнчү  жолу уулду болушту. Буга чейин жылдыздуу үй-бүлө эки уулду тарбиялап келишкен.

Уулду болгонуна кубанычы коюнуна батпаган шоумен элге сүйүнчү айтты.

“Сүйүнчү! Уулдуу болдук. Аллахыма чексиз Шүгүр! Биздин үй-бүлөгө эми бешинчи киши кошулду.

Куттуктоолорду кабыл ала баштадык.  Уулдарыбызга дуба кылып коюңуздар. Ар бир үйдө наристе үнү жаңырсын. Жуксун силерге. Куттуктоолорго алдын ала рахмат”, - деген жазуу калтырган.

Эскерте кетсек, Актан менен Феруза 2014- жылы баш кошушкан. 




Ссылка: https://barometr.kg/shoumen-aktan-ryskeldiev-uuldu-boldu



Добавить комментарий