ШОС-2019. Бишкекте жана Чүй областында 12 эвакуатор иштейт

10 июня 2019 17:18 535 Barometr
Поделиться в:
ok

ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити учурунда ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барат. Иш-чара учурунда 1 000 кызматкер жол коопсуздугун камсыздарын ИИМден кабарлады.

Бишкекте жана Чүй областында делегациялар өткөндө жана иш-чара учурунда айрым көчөлөр жабылат. Бул учурда 12 эвакуатор иш алып барат. Уруксат берилбеген жерге токтотулган, кароосуз калган унаалар эвакуацияланат.

Бул учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы шаар тургундарынан жана коноктордон түшүнүү менен мамиле кылууну суранат. Ошондой эле айдоочуларды эрежелерди, маданиятты сактоого, транспорт каражаттарын кароосуз калтырбоого чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/shos-2019-bishkekte-zhana-chj-oblastynda-12-evakuator-ishtejt



Добавить комментарий