ШИИБ: Жарамазан айткан балдар бул айды акча табуунун айы катары кабыл алып жатышат

15 мая 2019 23:47 790 Barometr
Поделиться в:
ok

Жарамазан айтуу-жол бойлоп жүгүргөн жаш балдардын тилемчилигине айланбоосу керек. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

“Улуу жарамазан айынын келиши менен анын жарамазан айтуу салты дагы кирип келди. Тилекке каршы ыйык салтыбызды ата-бабалардан калган адаты боюнча келечек муунга жеткире албай келе жатабыз. Жарамазан айтуу маданияты, ыр саптарынын мазмуну, түзүлүшү башка баалуулуктары  туурасында түшүнүгү жок балдар бул айды акча табуунун айы катары кабыл алып жатышат. Бир келишкен үйгө кайра-кайра келишип, тамак ичип отурган коомдук тамактануу жайларына дагы кирип барышууда. Башкысы, жашы жетелек,  башталгыч класс курагындагы балдар жол бойлоп жүгүрүп, өздөрүнүн өмүрүнө коркунуч келтирип, айдоочуларга ыӊгайсыздык жаратууда. Бул багытта милиция кызматкерлеринин аткарган иштерине жарандык коомдун жардамы керек болуп турат. Жогорудагыларды эске алуу менен Сиздерден кечкисин өз уул-кыздарыӊыздардын коопсуздугун  көзөмөлгө алып, жолдо жүрүү эрежелерин жана жарамазан айтуу маданиятын түшүндүрүп коюшуӊуздарды суранабыз!”,-деп айтылат Ош ШИИБи тараткан маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/shiib-zharamazan-ajtkan-baldar-bul-ajdy-akcha-tabuunun-ajy-katary-kabyl-alyp-zhatyshat



Добавить комментарий