Шевченко менен беттешүүдөн баш тарткан Монтано чемпиондук курдан ажырады

10 сентября 2018 16:45 1653 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттешүүдөн баш тарткан америкалык мушкер Никко Монтано чемпиондук титулдан ажыратылды. Америкалык мушкер айымга мындай чара көрүлгөнүн уюмдун президенти Дана Уайт жарыялаган.

Белгилей кетсек, 9-сентябрга караган түнү өтөт деп күтүлүп жаткан UFC 228 турнириндеги экинчи беттеш болбой калган. Анда аялдар арасында жеңил салмак боюнча учурдагы чемпион Никко Монтано менен талапкер Валентина Шевченко беттешмек. Көпчүлүк күткөн мелдеш АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарында болмок. Буга чейин 7-сентябрда эртең менен Монтано ооруканага жаткырылганы маалымдалган болчу. Никко Монтанонун машыгуудагы өнөктөшү ал ооруканага бөйрөгүнө байланыштуу жатканын билдирген.

«Шевченко титул үчүн беттешүүнү абдан каалайт. Учурда ушул жылдын аягына чейин беттеш уюштуруу аракеттерин көрүп жатабыз», - деди Дана Уайт. 

Эске салсак, Шевченко 61 килограммга чейинки салмак ченинде 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу жеңишке жетсе, 2 беттеште мушкер Аманда Нуньеске  жеңилген.

Ссылка: https://barometr.kg/shevchenko-menen-betteshdn-bash-tartkan-montano-chempionduk-kurdan-azhyrady



Добавить комментарий