Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен келет

29 августа 2018 16:00 788 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

3-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов билдирди.

Маалым богондой,  Өзбекстандын өлкө башчысы Чолпон-Атада боло турган түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин саммитине катышат. Ошондой эле, 

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дагы катыша тургандыгы айтылууда деп билдирет Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги. 

Көчмөндөр оюндарына Өзбекстандан ири делегация келээри күтүлүп жатат. 60тан ашык спортчулар спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча мелдештерге катышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/shavkat-mirziyoev-kyrgyzstanga-ish-sapary-menen-kelet



Добавить комментарий